Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы “Социал-демократтар” партиясын шайлоодон четтетти

Sputnik
БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы “Социал-демократтар” партиясын шайлоодон четтетүү чечимин кабыл алганын Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашты.
Мындай чечимге Бишкек ШИИБи тарабынан добуш сатып алуу боюнча тергелип жаткан иш негиз болгону айтылды.
“Социал-демократтардын” шайлоодон четтетилгенин партиянын мүчөсү Нурбек Касымбеков дагы тастыктады.
“Биз чечимге макул эмеспиз, БШКга даттануу менен кайрылабыз. Эртең-бүрсүгүнү карап чыгышы керек”, — деди Касымбеков.
Буга чейин Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы "Социал-демократтар" партиясынын штабынын жетекчиси алдыда боло турган жергиликтүү кеңештердин шайлоосунда элдин добушун сатып алууну талкуулап жатат деген маалымат тараткан. Андан соң шаардык милициянын тергөө тобу "Добуштарды сатып алуу" беренеси боюнча иш козгогон. Кечээ, 13-ноябрда, милиция "Социал-демократтар" партиясынын штаб жетекчиси Ирина Карамушкина менен партиянын дагы бир мүчөсү Т.Рны кармаган. Бишкек ШИИБи алар добуш сатып алып, ар бирин 1000 сомдон баалашкан деп айтууда. Ошондой эле партиянын лидери Темирлан Султанбековду сурактан чыккандан кийин кайра бир сааттан соң шаардык милицияга алып кетишкенин партиядан кабарлашкан.
"Адилет" партиясынын өкүлү добуштарды сатып алды деп күнөөлөнүүдө