Корпорациялык пенсиялык топтомо фонду менен келишим түзүү же түзбөө — ар бир кызматкердин тандоосу. Эч кандай милдеттеме жок. Бул тууралуу Айгүл Алыбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, пенсиялык топтомо фонду менен келишим түзгөн кызматкер маянасынын канча бөлүгүн которуп турарын өзү чечет.
"Корпорациялык пенсиялык топтомо фонд жумуш берүүчү менен кызматкердин ортосунда түзүлгөн пенсиялык камсыз кылуу келишимине ылайыкталат. Ал эмгек жамаатка кошумча мамлекеттик эмес пенсия берүү максатында ыктыярдуу түзүлөт. Фонддор, белгилүү тармактын өкүлдөрү болгон уюмдар, ассоциациялар же мекемелер келишимге кошула алат. Бул негизинен кызматкерлерди пенсия менен камсыз кылууга багытталары маалым. Кайсы бир тармакта иш алып барган бир нече юридикалык уюм биригип же бир уюмдун негизинде фонд түзүшү мүмкүн. Бул — өз ыктыяры менен түзүлүүчү фонд. Ага каалагандар кирет, каалабаса келишим түзбөйт. Эч кандай милдеттеме жок. Келишим түзгөндөн кийин айлыгынын кайсы бир бөлүгүн кийин алуучу пенсиясына которуп турат. Муну кошумча пенсиялык камсыздандыруу деп коёбуз. Ар бир жумушчу менен анын маянасына жараша жекече же жалпы бир типтүү келишим түзүлүшү ыктымал," — деди Алыбекова.
Ал өлкөдө бардык жумуш берүүчү мекеме, ишканалар жана кызматкерлер бул мүмкүнчүлүктү пайдалана аларын кошумчалады.