Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

НАТО баш катчысы Украинанын абалы жакшы эмес экенин моюндады

НАТОну жакындан тарта жетектей баштаган Рютте АКШ менен Европаны "жаңжалдын нугун өзгөртүү" үчүн Киевге болгон жардамды улам көбөйтүүгө чакырып келет.
Sputnik
БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Украина аймактарынан кол жууй турган болуп турат, ага жол бербеш үчүн Киевди курал-жарак менен камсыздоону улантуу керек. Бул тууралуу НАТОнун баш катчысы Марк Рютте билдиргенин РИА Новости жазды.
"Территорияларынан ажырап калбашы үчүн Украинаны курал-жарак менен камсыздашыбыз керек. Киев фронтун турукташтырып, кийин россиялыктарга алдырып жиберген аймактарын кайра кайтарып алгыдай болушу кажет", — деген Рютте Польшага болгон сапарында.
Баш катчынын сүйлөгөнүн альянстын сайты түз алып көрсөткөн.
НАТОну жакындан тарта жетектей баштаган Рютте АКШ менен Европаны "жаңжалдын нугун өзгөртүү" үчүн Киевге болгон жардамды улам көбөйтүүгө чакырып келет.
Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова баш катчынын сөзүнө комментарий берип жатып, Рютте тынчтыкка эмес, "кандуу согушту" улантууга үндөп келерин айткан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Боррель жыл соңуна чейин Украинага миллион снаряд берилип бүтөрүн айтты