Акылбек Жапаров кыргызстандыктардын орточо айлыгы боюнча маалымат берди

Sputnik
БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров парламентте кыргызстандыктардын айлыгынын өсүү динамикасы боюнча маалымат берди.
Бүгүн Жогорку Кеңеш министрлер кабинетинин "Кыргыз Республикасынын 2023-жылга республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын 2025-жылга республикалык бюджети жана 2026-2027-жылдарга пландаштыруу мезгили жөнүндө" мыйзамдардын долбоору каралган отчетун укту.
Ага ылайык, үч жылдын ичинде республикада орточо айлык 15 542 сомго жогорулаган:
2021-жылы — 20 249 сом ($239);
2022-жылы — 26 620 сом ($316);
2023-жылы — 31 674 сом ($376);
2024-жылга божомол боюнча — 35 791 сомго ($415) жетет.
Жумуш учурунда каза болгондорго бирдей компенсация төлөө сунушталды