ЕАЭБ менен Түштүк Американын ортосундагы сооданын көлөмү кыйла өстү

Sputnik
БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. ЕАЭБ менен МЕРКОСУР (Түштүк Америка өлкөлөрүнүн соода союзу) мамлекеттеринин ортосундагы соода кыйла өстү. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиянын бажы кызматташтыгы боюнча министри Руслан Давыдов билдирди.
Ал Бразилиянын Финансы министрлигинин бажы процесстерин жөндөө катчылыгынын жетекчиси Клаудиа Томаз менен жолуккан.
"Быйылкы жылдын январь-август айларында ЕАЭБ менен МЕРКОСУРдун ортосундагы соода былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу 16,7 пайызга өскөн", — деди Давыдов.
Анын айтымында, жалпы сооданын 87,9 пайызы Бразилияга туш келет. Сегиз айда 2023-жылга салыштырмалуу 15,9 пайызга жогорулаган. Ал эми ЕАЭБден Бразилияга жасалган экспорттун көлөмү 32,1 пайызга өскөн.
МЕРКОСУР — 1991-жылы негизделген Түштүк Америка өлкөлөрүнүн соода союзу. Бүгүнкү күндө курамына Аргентина, Бразилия, Венесуэла, Парагвай жана Уругвай кирет. Жалкы калкынын саны 300 миллиондон, ИДПсы 3 триллион доллардан ашат (Бразилияга 70 пайызы туура келет).
ЕАЭБде өндүрүш көлөмү өстү, ичинде Кыргызстан да бар