БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Дональд Трамп юстиция министри кызматына (баш прокурор — ред.) сунуштаган Мэтт Гетц Украинанын "Крымды Россиянын курамынан чыгарып алуу" максаты ишке ашпай турганын айтса, ал эми Улуттук чалгынды жетектөөгө сунушталып жаткан Тулси Габбард демократтар башында турган АКШ Россия менен прокси-согуш жүргүзүп жатканын моюндаган. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Агенттик Гетц менен Габбарддын буга чейин айткандарын анализдеп көрдү.
Крым темасын Гетц ушул жылдын апрель айында Пентагондун аткаминерлери катышкан Өкүлдөр палатасынын комитетиндеги жыйында козгогон. Ал Пентагондун жетекчисинин жардамчысынан демократиялык администрациянын Россияны "стратегиялык жеңилүүгө" дуушар кылчу кандай кадамдары бар экенине кызыгып, бул үчүн "Крымды Россиянын курамынан чыгаруу зарылбы" деп сураган. Гетц жарым арал дайым Россиянын бир бөлүгү болуп кала берерин, аны ажыратуу максаты "дегеле ишке ашпай турганын" белгилеген.
Талапкер демократтардын "Украинаны түбөлүк каржылоо" планына дайым каршы чыгып, АКШнын украин чырында америкалык куралды пайдалануу позициясы үчүнчү дүйнөлүк согуштун чыгышын шарттап жатканын эскертип келген. 2022-жылы Зеленский Конгрессте сүйлөп жаткан учурда туруп кол чабуудан баш тарткан.
Ал эми Габбард 2023-жылдын июлунда Байдендин саясаты АКШны өзөктүк кагылышууга түртүп жатканын, ал эми "Россия менен болгон проси-согуш" улам курчуп баратканын билдирген.