15-ноябрга карата аба ырайы

15-ноябрда өлкөнүн айрым жерлеринде үшүк жүрүшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Жума күнү күндүз республика боюнча күн ачык болуп, айрым жерлерде туман түшөт. Тоолуу аймактарда жолдор тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй менен Ысык-Көл өрөөндөрүндө +2…+7, Талас аймагында +1…+6, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +5…+10, Нарын жергесинде +1…+6 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +5…+7, Ош шаарында +7…+9 градуска чейин көтөрүлөрү болжолдонду.
Кыргызстандыктар жаңы жылда катары менен 7 күн эс алат