AFCNetтин Башкы ассамблеясына «Кыргызтасмасы» мамлекеттик кино борбору мүчө болду

Sputnik
Кыргыз тасмалары жаңы горизонтту багындырат. AFCNetтин Башкы ассамблеясында «Кыргызтасмасы» мамлекеттик кино борбору бул уюмдун толук кандуу мүчөсү болду. Мындай жаңылыкты “Кыргызтасмасы” мамлекеттик киноборборунун директору Талантбек Төлөбеков “Стоп кадр” программасында бөлүштү. Аталган уюмда 20 өлкөдөн, 50 мүчө бар. Ага Орто Азиядан Кыргызстан биринчи болуп кирди.
“Кыргыз тасмаларын дүйнө элине колдон келишинче тааныта бериш керек. Бул аракет кыргыз кино жаратмандары менен чет элдик фильм адистерин байланыштырат. Мисалы биздин киночуларга аталган уюмга мүчө болгон өлкөлөрдөн съемка үчүн локация керек болуп калса биз көпүрө болобуз. Эң башкысы алар биздин өлкөгө келип, тасмасын тартып кетсе ал аркылуу туризм тармагына да салым кошулат”, — деди “Кыргызтасмасы” мамлекеттик киноборборунун жетекчиси.