Балдардагы темир жетишсиздигин эрте аныктоо бир катар оорулардан сактайт

Sputnik
Буга чейин өлкөдө балдардын 47 пайызы аз кандуулук менен жабыркаары маалым болгон. Чоңдордун статистикасы бир аз башкачараак. “Ачык кеп” программасынын мейманы, дарыгер Гүлмира Жакыпбаева анемиянын да түрлөрү бар экенин айтты. Аз кандуулукта гемоглобин нормада, ал эми темир азайып кеткен да учур болот. Ошондуктан феритинге да анализ тапшыра жүрүү керек.
Дарыгерге гемоглобиндин көрсөтмөсү балдарда, чоңдордо канча болушу керектигин, кош бойлуулуктагы аз кандуулук, анемияны алдын алуу жана оорунун кесепети тууралуу суроолорубузду узатып, маалымат алдык.