Эми документтердин 745 түрү электрондук форматта гана берилет — муну менен жылына канча сом үнөмдөөгө болот?

Sputnik
Өлкөдө кагаздан электрондук документ жүгүртүүгө өтүү иштери жүрүүдө. Анын негизинде жаңы типтүү тизмеде каралган документтердин 863 түрүнүн 745и эми санариптик форматта гана берилет. Тактап кайтканда, аларды кагаз жүзүндө кайталоо зарылдыгы жок. Азыр 118 документ гана мамлекеттик муктаждыктарга арналган кагаз түрүндө калууда. Бирок, алдыңкы жылдары алардын саны дагы кыскарышы ыктымал. Бул маанилүү өзгөрүү башкаруу процесстерин жөнөкөйлөтүп гана тим болбостон, кагазды колдонууну азайтуу менен жарандарга документ алууну жеңилдетүү болуп саналат.
Санариптик документ жүгүртүүгө өтүү республикалык бюджет үчүн жыл сайын болжол менен 1 миллиард сом үнөмдөөгө алып келерин Архив кызматынын төрагасынын орун басары Аскат Назаралиев маалымдады.