Шаарларды өнүктүрүү боюнча президенттин демилгесинин алкагында Кара-Балта шаарына бир миллиард сом бөлүнгөн. Бул каражатын эсебинен асфальт-бетон заводун, таш майдалоочу цехти куруу, жол куруучу техникаларды сатып алуу, борбордук стадионду реконструкциялоо, сейил бактарды, жолдорду оңдоо, бала бакча куруу сындуу иштер пландалган.
“Күн башат” программасынын алкагында аталган каражат кандай колдонулуп жатат, дегеле шаар тургундарына кандай шарттар түзүлгөнү тууралуу маек курдук. Биздин суроолорубузга Кара-Балта шаарынын мэри Мирлан Джекшенов жооп берди.