БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Тогуз жашар кызды эки жыл бою зордуктоого шектелип тергөө абагында отургандар жазадан качууга аракет кылып жатышат. Бул тууралуу жабыркаган кыздын энеси омбудсмен Жамиля Жаманбаева менен жолугушуу учурунда айтканын Акыйкатчы институту билдирди.
Маалыматта акыйкатчы Ысык-Көл облусуна иш сапары менен барып, Каракол шаарында эл менен жолугушканы айтылат. Жалпысынан 32 кайрылуу түшкөн.
Эл менен жолугушуудан кийин Жаманбаева зордуктоого кабылган 9 жашар кыздан жана анын ата-энесинен кабар алды. Эскерте кетсек, окуя тууралуу сентябрда белгилүү болгон. Факт боюнча кылмыш иши козголуп, 19 жана 25 жаштагы эки шектүү кармалган. Учурда алар камакта.
Акыйкатчы институту тараткан маалыматта жабыркаган кыз учурда коопсуз жерде экени, ага адистер жардам берип жатканы жана узак мөөнөттүү реабилитацияга муктаждыгы айтылат. Ошондой эле кармалган эки киши кызды 2021-жылдан бери зордуктап келгени маалым болду. Кыздын апасы акыйкатчыдан алардын укуктарын коргоп берүүсүн суранды.
"Кызыма бычак такап, күч менен эски үйгө сүйрөп барып зордуктап жүрүшкөн. Бирөө-жарымга айтса өлтүрүп коёбуз деп коркутушкан. Ушундай зөөкүрлөр ар кандай шылтоо издеп, жазадан качууга аракеттенип жатышат", — деген эне.
Акыйкатчы өзгөчө тынчсыздануу менен тиешелүү мамлекеттик органдарды балдардын коопсуздугун камсыздоону күчөтүүгө чакырууда.