Россиянын акчасына 9 эмес, 30 мектеп курса болот деген депутатка жооп беришти

Билим берүү министринин орун басары Супаналиев Акаевге ар бир мектептин аянты 26 миң чарчы метр болорун эскертти.
Sputnik
БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Парламент былтыр июлда Бишкекте кол коюлган "Кыргызстан менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды, анда өлкөдө тогуз мектеп куруу каралган.
Документке ылайык, Кыргызстандын ар бир облусуна жана эки шаарына курула турган тогуз инновациялык мектепте 12 миңге жакын бала окуйт.
Билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Бекжан Супаналиев билим берүү мекемелери бардык эл аралык стандарттарга жооп берерин белгиледи.
"Алдын ала эсептөөлөр боюнча, Россия мектептерди 400-450 миллион долларга курат. Бул — грант. Так суммасы долбоордук-сметалык документтер даярдалгандан кийин белгилүү болот. Ар бир мектеп экиден жыйын зал, стадиондор, бассейндер, интерактивдүү такталар жана лабораториялар менен камсыздалат", — деди Супаналиев.
Талкуу учурунда депутат Жанар Акаев ЕАӨБдүн 400-450 миллион долларлык грантына 9 эмес, 30 мектеп курууну сунуштады.
"9 мектеп үчүн Россия өкмөтүнө рахмат. Бирок 500 миллион долларга 9 эле мектеп курабызбы? Албетте, шарты аябай жакшы болот, эл аралык стандартка жооп берген мектептер болот. Бирок 30 мектеп куруп койсо болот го. Жок дегенде 20 мектеп кылып койбойлубу?" — деди депутат.
Билим берүү министринин орун басары Бекжан Супаналиев Акаевге ар бир мектептин аянты 26 миң чарчы метрлик болорун эскертип өттү.
Ал эми эл өкүлү Улугбек Ормонов кесиптештерин берилген белекти туура кабыл алууга үндөдү.
"Белек кылган жылкынын тишин санабайт деп коет. Бул бизге белек катары берилип жатат, талаптар күчтүү, жатаканасы менен болот, окуучулардын саны да көп. Азыр акча берген кишилер бизди угуп отурушат, биздин акчабызды эмнеге эсептеп жатасыңар дейт да. Бул келишимди ратификациялайбыз, бүттү", — деди Ормонов.
Депутатты башка кесиптештери дагы колдоп, талкуусуз добуш берүүгө өтүштү. Натыйжада долбоор экинчи окууда жактырылды.
Кыргызстандык дарыгерлер Россиядан жаңы билим алышууда. Видео