БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Министрлер кабинети жарнамалоого жол берилбеген оккульттук-мистикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесин бекитти.
Ага төмөнкүлөр кирген:
адамдын ишенимин кыянаттык менен пайдаланууга багытталган, ар кандай ыкмаларды колдонуу аркылуу сыйкырдуу таасир этүү жолу менен көрсөтүлүүчү кызматтар;
оккульттук методикаларды, амулеттерди, тумарларды, ырым-жырымдарды, дубалоону, экстрасенсориканы колдонуу менен акылга сыйбаган же сыйкырдуу деп эсептелген методдордун жардамы менен төлгө ачуу, көзү ачыктык, келечекти болжолдоо же мүнөздү аныктоо кызмат көрсөтүүлөрү;
көз байлоочулук, баш айландыруу, каргыш, дубалоо, көз тийүү, окутуу, ийгиликке, финансыга жол ачуу, көз карандылыктан арылтуу ж.б. кызмат көрсөтүүлөрү;
адам менен башка дүйнөнүн ортосундагы ортомчулук кызмат көрсөтүүлөр (спиритизм жана шаманизм);
саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аккредитацияланбаган, альтернативдүү методдор менен айыктыруу, бакшылык, дарылоо кызмат көрсөтүүлөрү.
Белгилей кетсек, "Жарнама жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамга президент Садыр Жапаров июлда кол койгон. Максаты тигил же бул милдеттерди чечүүнү сунуш кылган кандайдыр бир магиялык же башка ишенимсиз ыкмалар боюнча кызмат көрсөтүп, элдин башын айландырууну жокко чыгаруу экени айтылган болчу.