БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. 2024-жылдын январь-сентябрында ЕАЭБдеги өндүрүш көлөмү былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4,4 пайызга өстү. Бул туурасында Евразиялык экономикалык комиссиянын маалымат кызматынан кабарлашты.
Өндүрүш көлөмүнүн жогорулашы январь-сентябрда беш өлкөдө тең байкалган:
Арменияда – 12,6 пайызга;
Беларуста – 6,4 пайызга;
Россияда – 4,4 пайызга;
Кыргызстанда– 4,2 пайызга;
Казакстанда – 3,1 пайызга өскөн.