"Жергиликтүү кеңеш деп жерибегиле". Садыр Жапаровдун шайлоо алдындагы кайрылуусу

Sputnik
БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Садыр Жапаров жергиликтүү кеңештерге шайлоо алдында социалдык тармак аркылуу элге кайрылды.
Эске салсак, 17-ноябрда 33 шаардык жана 231 айылдык болуп, жалпысы 264 жергиликтүү кеңешке шайлоо өтөт.
Президенттин айткандарынын урунттуу жерлери:
шайлоодо "карусель" дегенди колдонуп, бюллетендерди таңгактап урнага таштаган учурлар болгон. Азыр анын бири жок. Бардыгы автоматташтырылган;
Бишкекте же облустардын борборунда туруп ар кыл айылдардагы өздөрүнүн жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлай алышат (БШК белгилеген тартипте аралыктан шайлайм деп 6-ноябрга чейин катталып койгондор үчүн);
бардык шайлоо тилкелеринде видеобайкоо салган камералар коюлган. Алар БШКнын башкы имаратынан түздөн-түз көрүнүп турат. Кыскасы, добуштар уурдалат, шайлоонун жыйынтыгы бурмаланат дегенге кыпындай да негиз жок;
жергиликтүү эле кеңештердики деп жерибеңиздер. 17-ноябрда шайланып келген депутаттар биринчилерден болуп эле жер-жерлерден Элдик курултайдын делегаттарын шайлашат;
Элдик курултайдын курамдык сапаты эл шайлай турган жергиликтүү кеңештердин депутаттарына жараша болот. Курултайда кайсыл гана маселе болбосун көтөрүп чыга алышат;
блогер, журналисттер, өзүңүздөрдүн аймактан, шаарлардан, айылдардан Курултайга делегат болуп шайланып келиңиздер. Эл алдындагы аброюңарды көрсөтүп, бийликке карата каалаган суроолоруңарды бергиле. Силерден кача турган суроо жана маселе жок;
Кыргызстанда сөз эркиндиги болуп келген жана боло берет. Каалаган сөзүңдү ачык айта бер. Эч кимге тыюу жок. Болгону жалган айтпа, бирөөгө жалаа жаппа, жеке аброюна шек келтирбе. Элди козуткан жалган маалыматтарды таратпа.
Татыктууларды шайлагыла! Президент алдыдагы шайлоодон улам кайрылуу жасады