БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын жетекчилигине кол салууга даярданып, Азербайжандан келген улуттар аралык уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен байланышы бар деп шектелип тергөө абагында кармалып турган Райым Матраимов эч жакка чыкпоо боюнча тил каттын негизинде бошотулганын Биринчи май райондук соту билдирди.
Маалыматта сот УКМК Башкы тергөө башкармалыгынын тергөөчүсүнүн сунушун канааттандырып, камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы эч жакка чыкпоо боюнча тил катка өзгөртүлгөнү айтылат.
Матраимов Кылмыш-жаза кодексинин 169 ("Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу"), 222инчи ("Кылмыштуу жол менен тапкан кирешелерин мыйзамдаштыруу (адалдоо)" беренелери менен күнөөлөнүп жатат.
Жаз айларынын башында издөө жарыяланып, кийин апрелде колго түшүрүлгөн. Андан кийин абактагы мөөнөтү улам узартылып келген.