Кыргызстандык министр Россиянын Достук ордени менен сыйланды

Sputnik
БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын коргоо министри Бактыбек Бекболотов Россиянын Достук ордени менен сыйланды. Бул жарлыкка РФ лидери Владимир Путин кол койгон.
Орденди кесиптеши, Россиянын коргоо министри Андрей Белоусов тапшырды.
Сыйлоо кечээ, 12-ноябрда, Москвада КМШ өлкөлөрүнүн коргоо министрлеринин кеңешинде болду.
Кызматташуу артат. Москвада КМШнын коргоо министрлеринин жыйыны өттү