Кыргызстанда өстүрүлгөн айыл чарба азыктарынын ондон бири гана кайра иштетилет, калганы чийкилей эле чыгып кетет же чирип жок болот. Бул тууралуу Рустам Балтабаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, айыл чарба азыктарын кайра иштетүү жанданса экономикага олуттуу таасирин тийгизмек.
"Экспортто биринчи көлөм жана сапат маанилүү. Алгач эле көлөмдү сурашат. Айыл чарба азыктарынын ичинен экспортко азыр, менимче, жүгөрүгө суроо-талап жогору, дыйкандар үчүн дагы кызык десек болот. Албетте, баа жылда көтөрүлүп же түшүп турат. Айыл чарба азыктарын кайра иштетүү тууралуу дагы айта кетсем, президенттин жарлыгында дагы негизги басым ушул багытка коюлган. Анда 2040-жылга чейин 50 пайызга көтөрүү тапшырмасы берилген. Азыр 10 пайыздайын эле кайра иштетет экенбиз. Көбүнчө чийкилей чыгарып жиберебиз же чирип кетет. Биз кайра иштетүүнү колго алышыбыз керек, бул — учурдун талабы", — деди Балтабаев.
Ошондой эле ал дыйкан чарбаларды ирилештирүү көлөмгө да, сапатка дагы оң таасирин тийгизерин кошумчалады.