Айгүл Жапарованын атын жамынган шылуундар. Президенттин маалымат катчысы үн катты

Sputnik
БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Биринчи айым Айгүл Жапарованын атын жамынып ар кыл мамлекеттик кызматка коебуз деп акча талап кылгандар катталып жатканын президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзөв билдирип, элди мындай шылуундардын торуна түшүп калбоого чакырды.
"Айгүл Жапарова мамлекеттик, муниципалдык кызматтарга же жеке компаниялардагы кызматтарга дайындоо үчүн эч кимге тапшырма бербейт" , — деп жазган ал.
Алагөзөв мындай убада, сунуш менен кайрылгандар шылуундар экенин белгилеген.
Алагөзов президент менен УКМК төрагасынын туугандарынын кармалышы тууралуу