14-ноябрга карата аба ырайы

14-ноябрга караган түнү жамгыр жаап, карга айланат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. 14-ноябрь, бейшембиде, жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй жана Талас аймагында +0...+5, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +4...+9, Ысык-Көл өрөөнүндө +2...+7, Нарын дубанында +0...+5 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +1...+3, Ош шаарында +6...+8 градуска көтөрүлөт.
Мөңгү 16%га кыскарды. Садыр Жапаров дүйнө лидерлерине коңгуроо какты