Берекелүү күз келди, дыйкандар эккен эгинин жыйнап, азыр түшүм майрамынын убагы. Бирок дыйкандарга түшүм жыйнагандан башка дагы түйшүктөр жок эмес. Негизги маселелердин бири бул жыйналган түшүмдү татыктуу баада сатуу. Бул оңой нерсе эмес, көп тармактуу, көйгөй.
Бүгүнкү “Ачык кеп” программасынын алкагында айыл чарба азыктарын экспорттоо тууралуу кеп кылдык. Биздин суроолорубузга Кыргыз Республикасынын Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын аткаруучу директору Рустам Балтабаев жооп берди.