Чет өлкөдө ишке орношууда жарандардын акчасын алдаган агенттиктер көбөйдү

Sputnik
Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу жаатында мамлекеттер ортосунда бир катар келишимдерди түзүп, Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу агенттиги бир катар иштерди жасап жатат. Бул багытта Корея менен меморондум түзүлгөн. Барып иштөөнү каалаган жарандарга тийиштүү маалыматтар берилүүдө жана 300 жаран барып иштөө мүмкүнчүлүгүн алды. Программанын мейманы Арслан Байсопуев, эмгек мигранттарынын кабары, чет мамлекет тууралуу маалымат жок болгондуктан бир катар алдамчы агенттиктерге алданып акчасын берип койгон учурлары да кездешет. Андыктан аталган борбор жарандарга маалымат берүү менен да алектенип жатканын белгиледи. Ошону менен катар учурда Кыргызстанда да жумуш орундары түзүлүп, чет мамлекетте таба турган акчаны өлкөдөн чыкпай эле табуу мүмкүнчүлүгү бар.