Пресс-борбор

Соцтармактагы активдүүлүк журналистке пайдалуубу? SputnikPro долбоорунан сүрөттөр

Sputnik Кыргызстан агенттиги маалыматтык сайттарда журналисттер ыкчам иштөөсү үчүн эмнелерди билиши керектигин түшүндүрдү.
Sputnik
Иш-чара SputnikPro долбоорунун алкагында даярдалып, бул ирет тажрыйбалары менен Sputnik Кыргызстан агенттигиндеги видеобөлүмүнүн кабарчысы Кызжибек Раимова жана агенттиктин журналисти Алимджан Валиев бөлүштү.
Иш-чара кандай өткөнүн сүрөт түрмөктөн көрүңүз.
1 / 8

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Кызжибек Раимова заманбап журналист санариптик каражаттарды колдонууну билиши керектигин түшүндүрдү

2 / 8

Мастер класска Кыргыз-Россия славян университетинин, Кыргыз эл аралык универсалдуу колледжинин, Кыргыз улуттук университетинин студенттери катышты

3 / 8

Ошондой эле кабарларды тактоо, фейк маалыматтардын жетегине түшпөө ыкмалары айтылды

4 / 8

Алимжан Валиев студенттерге жаңылык жазуу, маалымат жыйындардын жүрүшү тууралуу дагы айтып берди

5 / 8

Студенттер "фейк маалыматтар жарыяланып кеткен учурда жоопкерчиликти редакция алабы же журналистпи?", "айрым аткаминерлер суроолордон кыйгап өтө кантип жооп алууга болот?" деген суроолорду дагы узатып жоопторду ала алышты

6 / 8

SputnikPro — бул өз тармагынын адистери билими, иш тажрыйбасы менен пресс-катчы, журналист жана ЖОЖдун студенттерине бөлүшүү үчүн уюштурулган мастер-класс

7 / 8

Спикерлер келечектеги журналисттерди социалдык тармактарда азыртадан контент жүргүзүп, активдүү болууга чакырышты

8 / 8

Бул алардын келечектеги жумушунда жардамын тийгизерин белгилешти

Тема боюнча:
Учурдун журналисти эмнелерди билиши керек? SputnikPro мастер-классынан видео
Соцтармакты "жарган" видеолор кантип даярдалат. SputnikPro долбоорунан сүрөттөр