Пресс-борбор

SputnikPro: фейк маалыматтын жетегине түшпөөнүн жол-жобосу

Келечектеги журналисттерге ар бир маалыматты тиешелүү органдардан, адамдардан тактап, аудио-видеолорду жаздырып калып, андан кийин кабарды жарыялоо керектиги айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Sputnik Кыргызстан агенттигиндеги видеобөлүмдүн журналисти Кызжибек Раимова биринчи курстун студенттерине социалдык тармактар кенен колдонулган бүгүнкү күндө журналист фейк маалыматтарды кантип иргеши керектигин түшүндүрдү.
Айта кетсек, бүгүн мультимедиалык маалымат борборунда SputnikPro долбоору өттү. Мастер-класска Кыргыз-Россия Славян университетинин, Кыргыз эл аралык универсалдуу колледжинин, Кыргыз улуттук университетинин студенттери катышты.
Раимова азыркы учурда дээрлик бардыгынын соцтармактарда баракчалары бар экенин, айрымдары аны жеке максаты үчүн да жүргүзүп келерин белгиледи. Мындай учурда журналист фейк маалыматтардын жетегине түшүп кетпеши керектиги түшүндүрүлдү. Бул үчүн ал төмөнкүдөй мисал келтирди.
"Мисалы, Акмат бир зоопаркка директор болууну каалап жүргөн дейли. Бирок ал көздөгөнүнө жетпей калды. Директорлук кызматка анын атаандашы Самат дайындалган. Акмат мурда бул зоопаркта иштеп кеткен адам катары андагы жумушту, кайсы жаныбар кайда турганын билиши мүмкүн. Же иштеп жүргөн кездеги видеолор телефонунда болушу ыктымал. Акмат бул видеону өзүнүн ниетине ылайыктап монтаждап, "жаныбарлар ачка калды, директор зоопаркка бөлүнгөн каражатты жеке өзүнө коротуп койду" деген билдирүү менен интернетке таратышы мүмкүн. Эгерде журналист бул видеону алып маалыматтык сайтка жайгаштырса чоң жаңылыштык кетирет", — деди Раимова.
Ал келечектеги журналисттерге бул маалыматтын чын-төгүнүн тактоо үчүн зоопарктын администрациясына байланышып, тиешелүү тараптардан жооп алуу талапка ылайык экенин айтты. Мындан тышкары, зоопарк кайсы мекемеге карай турганын аныктап, андан бир жылда бөлүнгөн каражат, кызматкерлердин саны тууралуу дагы маалыматтарды билип, даярдаган материалына кошсо болорун белгиледи. Ошондой эле журналисттин өзүнүн зоопаркка барып абалды көрүүсү да маалыматты тактоого жардам берерин кошумчалады.
Студенттер "фейк маалыматтар жарыяланып кеткен учурда жоопкерчиликти редакция алабы же журналистпи?", "айрым аткаминерлер суроолордон кыйгап өтүшсө кантип жооп алууга болот?" деген суроолорду дагы узатып, жооп ала алышты.
SputnikPro — бул өз тармагынын адистери билими, иш тажрыйбасы менен пресс-катчы, журналист жана ЖОЖдун студенттерине бөлүшүү үчүн уюштурулган мастер-класс. Долбоор 2018-жылдын жаз айларында башталып, Беларусь, Азербайжан, Армения, Грузия жана Кыргызстандын медиа айдыңында жогорку баага татып келет.
Sputnik Кыргызстан өз ишин 2014-жылдын декабрь айында баштаган. Агенттиктин активинде кыргыз жана орус тилдериндеги маалымат порталы, радиоресурс жана жогорку технологиялык мультимедиалык маалымат борбору бар.
Пресс-борбор
Sputnik агенттигинин Tiktok видеолору кантип жасалат? Редактордун кеп-кеңеши