БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Евразиялык экономикалык биримдик үчүн жаңы өнөктөштөрдү аныктоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын соода министри Андрей Слепнев билдирди.
Ал Эл аралык мамилелер боюнча Москва мамлекеттик институтунун студенттеринин алдында сүйлөп жатып, Вьетнам, Сербия, Иран менен түзүлгөн эркин соода келишимдери кандай иштеп жатканын айтып берди. Ошондой эле ЕАЭБ — Кытай соода-экономикалык кызматташуусу боюнча преференциялык келишими тууралуу маалымат берди.
Слепнев Монголия менен кол коюуга даярдалып жаткан документ, БАЭ менен болгон сүйлөшүүлөр, Индонезия, Египет жана Индия менен келишимдер иштелип жатканын белгиледи.
“Биз мен айткан өлкөлөр менен эле токтоп калбайбыз. Өлкө лидерлери менен премьер-министрлери бизге жаңы өнөктөштөрдү аныктоо тапшырмасын койгон. Бул жаатта активдүү иш жүргүзүп жатабыз”, — деди ЕЭКтин соода министри.