Кызматташуу артат. Москвада КМШнын коргоо министрлеринин жыйыны өттү

Sputnik
БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Москвада КМШга мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлеринин жыйыны өттү.
Отурумда сүйлөгөн КМШнын башкы катчысы Сергей Лебедев дүйнөлүк кырдаалга токтолгон.
Ал дүйнөдө болуп жаткан өзгөрүүлөрдүн таасири менен тышкы коркунучтардын трансформациясы жүрүп, комплекстүү мүнөзгө ээ болуп, улам кеңейип, көп тараптуу болуп баратканын белгилеген.
Жыйында жылдын жыйынтыгы чыгарылып, 2025-жылга карата 120дан ашык иш-чара белгиленген.
Жыйында сүйлөгөн Россиянын коргоо министри Андрей Белоусов дүйнөдөгү абал КМШ өлкөлөрүнүн аскердик түзүмдөрүнүн кызматташтыгын талап кыларын жана бул Евразиянын бөлүнбөй турган коопсуздугун түптөөгө багытталгандыгын айтты.
"КМШнын алкагында 2030-жылга чейин аскердик кызматташтык концепциясына олуттуу көңүл бурулду. Бул концепция улуттук куралдуу күчтөрдүн аскердик жөндөмдүүлүгүн арттырууга жана мамлекеттерибиздин коргонушун камсыздоого багытталганын белгилей кетүү керек", — деген Белоусов.
Жыйында жалпы аскердик бирдиктүү системаларды жакшыртуу боюнча чечимдер да кабыл алынган.
Мамлекеттик радиолокациялык таануунун бирдиктүү системасы туурасында сөз болгон. КМШ өлкөлөрүнүн Абадагы кол салуудан коргонуусу боюнча биргелешкен системасы жаатында да бир катар иштерди белгилешкен. Тагыраагы, келерки жылга аталган багыттагы аскерлердин жекече машыгууларын өткөрүү боюнча иш-чаралардын планы бекитилген. Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгын майрамдоого жана бул юбилейге арналган IV Достук армияларынын аскердик-спорттук оюндарын өткөрүү боюнча даярдык көргөн программасын да жактырышкан.
Мындан ары да бир катар өлкөлөр менен Евразия аймагындагы туруктуулукту камсыздоо жаатында өз ара биргелешкен иштерди алып баруу да каралган.
Кыргызстандан бул жыйынга өлкөнүн коргоо министри Бактыбек Бекболотов да катышкан.
Кыргызстан менен Россиянын коргоо министрлери эки келишимге кол коюшту