АКШ: Мамдепти Киевди колдоого каршы чыккан Вивек Рамасвами жетектеши мүмкүн

Дональд Трамп XIX кылымдан бери Ак үйгө кайтып келген биринчи саясатчы болуп калды.
Sputnik
БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Жаңы шайланган президент Дональд Трамптын инаугурациясынан кийин АКШнын Мамлекеттик департаментин шайлоо алдындагы жарышта атаандаш болгон ишкер Вивек Рамасвами жетектеши ыктымал. Бул тууралуу The Hill гезитине таянуу менен РИА Новости жазды.
Маалыматта Рамасвами АКШнын мамлекеттик катчысы кызматына башкы тапакерлердин бири экени айтылат, ага республикачы сенатор Марко Рубио атаандаш болору да божомолдонууда. Азырынча Трамп бул кызматка кимди дайындай турганы ачыктала элек.
Рамасвами АКШ президенттигине Республикалык партиядан ат салышууну чечип, бирок партия ичиндеги эле добуш берүүдөн кийин баш тарткан. Саясатчы украин жаңжалын тынчтык жолу менен чечүүгө, Киевге жардам берүүнү токтотууга ыктап, жеңишке жетсе Украинанын НАТОго кошулбастыгына кепилдик берүүнү убадалаган.
Эскерте кетсек, АКШда президенттик шайлоо 5-ноябрда өткөн. Натыйжада Дональд Трамп XIX кылымдан бери Ак үйгө кайтып келген биринчи саясатчы болуп калды.
Трамп менен Шольц биргелешип Европага "тынчтыкты кайтарууну" макулдашышты