Маск Трамптын администрациясындагы маанилүү фигурага айланууда

Миллиардер Трамптын чет элдик эки лидер менен телефондон сүйлөшүүсүнө катышканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Миллиардер Илон Маск Дональд Трамптын келечектеги администрациясын түптөөдө маанилүү адамдардан болуп калмакчы. Бул туурасында РИА Новости билдирди.
Макалада шайлоодогу жеңиштен кийин Маск саясатчынын Мар-а-Лагодогу (Флорида штаты) поместьесинен чыкпай калганын, муну менен анын кадр маселесине, стратегиясына таасирин тийгизип жатканы айтылган. Маалымат булактар анын Трамп чет элдик эки лидер менен телефондон сүйлөшкөндө да жанында болгонун билдиришти. ABC телеканалы Трамп Владимир Зеленский менен сүйлөшүп жатканда Украинанын башчысы менен кырдаалды түзмө-түз талкуулаш үчүн трубканы Маскка бергенин билдирди. Миллиардер Түркия лидери Режеп Тайип Эрдоган менен сүйлөшүп жатканда да ошол жерде болгон.
Маск, мындан сырткары, Американын ички маселелерин талкуулоого да батыл катышууда. Жекшемби күнү республикачы сенатор Рик Скоттун Сенатка шайлануусун элдин көзүнчө колдоп чыккан.
Ишкер шайлоо алдындагы өнөктүктө көзгө көп урунду. Телеканалдын маалыматына караганда, бул кампаниядагы миллиарддаган долларлык операцияны каржылаган. Анда социалдык тармактагы Трамп боюнча жарнамалар, байге фонду бир миллионду түзгөн лотореялык оюндар эле.
Маалымат булактары да бул миллиардер Трамптын анын экинчи президенттигинин күн тартибин түптөгөн маанилүү адамдардан болуп каларын бекемдеп жатышат. Ал ички-тышкы маселелерге катышып, мунусу менен администрацияда өзгөчө таасирин арттырары айтылууда.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Маск Трамптын планы Украинадагы согушту аягына чыгарат деп эсептейт