Чүйдүн тургундары маршруткалардын Бишкекке кирбей калганына нааразы. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Чүйдүн тургундары Бишкекке жакын шаар, айылдарга каттаган маршруткалардын ордо калаага кирбей, элди "талаага" таштап коюп жатканына нааразы болушууда.
Эске салсак, буга чейин Кара-Балта, Кайыңды, Беловодское, Чалдыбарга каттаган бустар жүргүнчүлөрдү Дэн Сяопин проспектиндеги шлагбаумга чейин жеткирчү. Кечээтен бери Бишкекке бардык маршруткалар киргизилбей калды. Алар жүргүнчүлөрүн батыш тараптагы убактылуу автобекетке түшүрүшүүдө.
Панфилов, Жайыл, Москва, Сокулук райондорунан Бишкекке күнүнө миңдеген киши келет. Алар маршруткалардын шаарга кирбей калышы өтө эле ыңгайсыздык жаратып жатканын айтышууда.
ЖКККББ шаарга аймак аралык жүргөн маршруттар киргизилбей калганын тастыктады. Мэрия буга чейин убактылуу автобекеттен Бишкекке №13, 40, 19 автобус, №258 маршрутка жүрөрүн кабарлаган.
ЖКККББ магистралдагы сары тилкеден жүрүүгө болбой турганын эскертти