Кызмат кылган соңку эки жылда бул дин адамы республика туурасында эмнелерди билди? Кыргызстандагы Орус православ чиркөөсү социалдык кандай иштерди жүргүзөт жана Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгы менен кызматташуусу кандай? Бул жана башка суроолорго епископ Савватий жооп берди.
Бишкектин жана Кыргызстандын епискобу Савватий өлкөдө эки жылдан ашык убакыттан бери кызмат кылып келет жана бул жердеги элдердин салты, жашоосу тууралуу көп нерселерди таанып-билген.
— Кыргызстандан сиз эмнелерди таанып-билдиңиз?
— Тоолордун мекени болгон бул жерде мен өзүмдү көбүрөөк ачып жатам. 1984-жылы өз мамлекетимди, элимди кашык каным калгыча сактайм деп ант бергем. Ал кезде Советтер Союзу эле, анын ичинде Кыргызстан да бар болчу. Бул жакка дайындалганымды укканда жылуу нерсе пайда болду, азыркыга чейин маданият жана айланамдагылар өзгө эмес, өз экендигин сезип келем. Кыргызстанда бардык улуттар урмат-сыйга ээ, Жибек Жолунан калган салттар дагы деле жашап келет. Биздин руханий, маданий жана үй-бүлөлүк баалуулуктарыбыз жалпы экенин сезем. Бизди кудай бири-бирибизди сүйүп-урматтоо жана достук үчүн жараткан.
Мен бул өлкөнүн тарыхын окуп-үйрөнүп жатканда Россиянын тарыхы мага башкача өңүттө чыга келди. Жөнөкөй эле бир мисал — Русь 988-жылы чокунган деп билебиз, бирок ал процесс миңдеген жылга созулуптур.
... Азыркы Кыргызстан турган жерде да христиандык митрополия — Кашкар жана Невакеттик (Кызыл-Суу деп да аталып келет — ред.) аймак болгон. Бүгүнкү күндө Невакет Бишкектен 20 чакырым аралыкта жайгашкан, ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастарынын тизмесине кирген. Аны Ысык-Көлгө кетип бараткан жолдон көрөсүң. Бул жерде Ассирия — Чыгыш — христиандык бай салттарга сугарылган, православдыкка жакын чиркөө өнүккөн.
Чыгыштан тарта бизге чейин келип жеткен христиандык көптөгөн дин кызматкерлеринин аттарын билебиз. Алар: Иоанн Мервский (Түркмөнстан), кербен сарайлык епископ (Тажикстан), индиялык епископ, кытайлык епископ жана невакеттик, кашкарлык митрополит...
— Өлкөнү жана элибизди "өз" дегениңизди угуп ич жылыйт.
— Бир жарым жыл мурда президент Кыргызстандын жарандыгын берди, мен бул өлкөнүн атуулумун жана өзүмдү кыргызстандыкмын деп сезем.
— Биздин өлкөнүн аймагында христиандык кандай ыйык жайлар бар?
— Кыргызстанда окуп, таанып биле турган христиандык ыйык жайлар чындыгында көп. Мисалы, Токмоктон анча алыс эмес жайгашкан Суябды, Бурананы алсак, ал жерлерде христиан чиркөөсү менен буддисттик монастрдын урандылары табылган. Бурана турган жерден ошол кездеги шаар урандыларынын арасынан христиандык мүрзө таштар чыккан. Ал несториандык эле эмес, алты учтуу кресттер да болгон. Бул — аталган жерде Улуу Жибек жолунда византиялык жана армяндык христианчылыкты кармангандар да каттап жүргөн деген түшүнүк.
Ислам Азияда бекем орногондо башка диндер да тынч жагдайда коңшулаш болгон. Чыгышта коңшу — дос, боордош, колдоонун очогу...
— Кыргызстанда кандай храмдар сакталып калды?
— Негизи эки жыл мурда Борбордук Азия кирген Түркстан епархиясынын 150 жылдыгын белгиледик. Биздин маалыматыбызга караганда, бул аймакта революцияга чейин 200 храм болгон, тилекке каршы, кийин алардын азганактай бөлүгү гана сакталып калды. Бүгүн биз Караколдогу храмга бара алабыз, Беловодскиде ага окшош собор бар. Ошто Архангел Михаилдин, Бишкекте Николай Чудотворецтин храмы сакталып калды. Борбор калаадагысы учурда маданий максатта колдонулуп келет: ал жерде Кыргызстан сүрөтчүлөр союзунун галереясы бар. Кыл калем чеберлерине Николай Чудотворецтин күнүндө бул имаратта сыйынуу өткөрүү өтүнүчү менен кайрылганда баш тартышпайт, бул үчүн аларга таазим.
Болжолдуу алганда, 140 жыл мурда Ысык-Көлдө Свято-Троицкий монастыры курулуп, агартуучулук, билим берүү милдетин аткарган. Анда бутуна туруп калган агрардык чарбалар, мектептер жана эркек балдар жашаган жай болгон. Бул жерден диний ыйыктар (беш) чыккан. Алардын бири ысык-көлдүк Ираклий деген ат менен белгилүү.
Аймакта көп белгилүү инсандар жашаган. Мисалы, 16 жаштагы Токтогон Алтыбасарова блокадаланган Ленинграддан алып келинген 150 баланы канатына калкалап, баккан. Кайра куруу жылдары анын ишин Гүлнара Дербишова улап, мурдагы монастрдын имаратында 157 баланы тарбиялаган. Алардын ичинен 117си жогорку билим алса, экөө илимдин кандидаттыгын жактаган. Негизи статистика боюнча, балдар үйүндө тарбияланган 10 эркек баланын тогузу түрмөгө түшөт, ал эми Гүлнара балдарды коомго ушундай кылып аралаштырды! Аны Кыргызстандагы көрүнүктүү адамдардын тизмесине кошпогондоруна таңмын.
Жакында Ысык-Көл облусунун Түп айыл өкмөтүнүн жетекчилиги жана министрлер кабинетинин өкүлдөрү менен биргеликте Токтогон Алтыбасарованын эстелиги орнотулган Энелер аллеясын ачтык. Каалагандар ал жерге барып өз энесинин урматына бак отургузуп, аны сугарып, өстүрсө болот.
— Чиркөө кандай социалдык иштерди жүргүзөрүн айтып берсеңиз? Кыязы, алардын бир бөлүгү Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгы менен биргеликте жасалса керек?
— Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгы да, Бишкек жана Кыргызстандагы Орус православ чиркөөсүнүн епархиясы да элге кызмат кылат. Биз догма болгон тар маселелерде эле иш алып барбастан, үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөө менен өз ара урматтоо боюнча иштөөгө аракет кылабыз. Улуттук майрамдарда, конфессия аралык иш-чараларда жолугуп турабыз.
Пандемиядан кийин социалдык кызматтын мурдагы деңгээлин, чиркөө менен мамлекеттин алакасын же конфессиялык-мамлекеттик, конфессиялык-коомдук мамилелерди кайра жандандырууга туура келди. Ысык-Көлдө орус тили жана балдар менен жаштардын фестивалдарын, өз өлкөңдү таануу боюнча жана ыр фестивалдарын, үй-бүлөлөр үчүн сергектикке чакырган жана ден соолук акциясын, веложарыштарды өткөрүп келебиз... Иш-чараларыбызга Россиядан, Казакстандан жана Өзбекстандан катышып жүрүшөт.
Мындан сырткары, епископ Феодосий киргизген дагы бир салт болуп калган нерсебиз бар. Маал-маалы менен бийиктиги 4 250 метр болгон Ыйык Екатерина чокусуна чыгып турабыз. Мисалы, мен ага үч ирет катыштым, бирок акыркысында чокунун өзүнө чейин жете алган жокмун.
Келерки жылы бардыгыбыз Улуу Жеңиштин 80 жылдыгын белгилейбиз, епархия 15ке жакын иш-чара пландаштырууда. Бирок бизге жеңиш тарых багытында гана эмес, бүгүнкү күндө экономикада, билимде, маданиятта, улуттар аралык жана эл аралык мамилелерди өнүктүрүүдө да керек.
Билим берүү борборубуз, жалпы билим берүүчү православдык беш мектеп бар, дагы бирөө курулуп жатат. Мындан сырткары, Кыргызстандын бир нече аймагына храмдарды куруп жатабыз.
Кудай жакырларга, ач-жылаңачтарга, ооруп жаткандарга, камактагыларга кылганыңар мен үчүн жасаганыңар дейт. Эки апта мурда 27-абакта болдум. Мурда православ чиркөөсүнүн кызматкерлеринен барышчу эмес экен, бирок бизден суранышты... Жалпысынан Кыргызстан боюнча 10 кызматкерибиз абактарга барып турушат.
Чиркөө башка иштерге да катышат. Мисалы, Кыргызстандагы элдердин ассамблеясынын мүчөсү катары мен "Цивилизациянын асман тиреген тоолору" деп аталган долбоорго катышып келем.
Бул жерде үй-бүлөлүк баалуулуктар бузулуп бара жаткан көрүнүшкө көңүл буруу башкы орунда турат. Буга түрк, орус жана кытай дүйнөсү ("Асман алдындагы дүйнө") катышып келет. Баары бир жерге, бир чекитке: Асман тиреген тоолорго, Тянь-Шанга биригишет.
Андан сырткары, тарыхты сактоо маанилүү деп эсептеп, "Ысымдарды кайтаруу" деп аталган эл аралык долбоорго да катышып жатабыз.