БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Сокулук районундагы 9-класстын окуучусунун өлүмүнө айыпталган өспүрүм сегиз жылга эркинен ажыратылды. Өкүм тууралуу Чүй облустук соту билдирди.
Эскерте кетсек, окуя ушул жылдын сентябрь айында болгон. Анда Комсомол айылында 9-класстын окуучуларын 16 жаштагы бала чогултуп, Э.А. аттуу баланы ичке чапкан. Окуучунун абалы начарлап, көз жумган.
Алгач бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси ("Бейбаштык") боюнча иши козголуп, кийин тергөөдө кылмыш иши 130-беренеге ("Ден соолукка оор залал келтирүү") өзгөртүлгөн.