13-ноябрга карата аба ырайы

13-ноябрда туруксуз аба ырайы күтүлүп, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Шаршембиде тоолуу райондордо кар жаап, туман түшөт. Жолдор тоңуп, тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө 1…6, Талас чөлкөмүндө 0…5, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 5…10, Ысык-Көл, Нарын облустарында 4…9 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте 2…4, Ош шаарында 7…9 градусту көрсөтөт.
Жаан, кар жаайт. ӨКМ шашылыш билдирүү таратты