Эмне үчүн адамдар көп ресурстардын доорунда жашап жатып окугусу келбейт? — ашыкча маалымат себеп болуудабы?

Sputnik
Азыркы заманда билим алуунунун көп ресурстары бар. Алсак, онлайн курстар, китептер, видеосабактар, подкасттар жана форумдар, тренингдер. Мунун бардыгы каалаган жерде жана каалаган убакта жеткиликтүү. Ошондой эле сөзсүз эле ири суммадагы акча төлөөнүн зарылчылыгы деле жок. Анткени бул нерселерди акысыз жасоого мүмкүнчүлүк берген онлайн жана оффлайн ресурстар бар. Мына ушундай мүмкүнчүлүктөргө карабастан, көп адамдар окууга болгон кызыгуусун жоготот же кийинкиге калтырышат. Эмне үчүн? Адистердин айтымында, буга бир нече факторлор себеп болушу мүмкүн.
Кандай десеңиз жообун биздин “Көз мончок” программасынын кезектеги берүүсүндө уга аласыздар.