Мектептерде буллинг жана кибербуллингге каршы күрөш жүргүзүлөт. Мындай чара окуучулардын ден соолугуна зыян келтирбей, түрдүү кемсинтүүлөр менен коркутууларды алдын алуу үчүн керектиги белгиленген. Социалдык тармактарда өзүн кантип алып жүрүүнү билбеген окуучулар көп болуп жаткандыктан, терс маалыматтар көп болуп жаткандыктан алдын алуу максатында профилактикалык иштер күчөтүлүүдө. Ал үчүн ата-энелер менен окуучуларга буллингди жана кибербуллинг тууралуу 10 слайддан кем эмес, мамлекеттик жана расмий тилдерде презентация, буклеттер менен түшүндүрөбүз.
Учурда аткаруу иштери жүрүп жатканын Билим берүү жана илим министрлигинин Уюштуруу жана тарбиялоо иши боюнча секторунун жетектөөчү адиси Алтынбек Эркимбеков жооп берди.