Кыргызстанда 12 жылдык окууга өтүү концепциясы бекитилди. Концепция билим берүү системасын жаңылоого жана заманбап талаптарга ылайыкташтырууга багытталган. Мугалимдерди даярдоо, окуу стандарттарын жана программаларын түзүү, ыңгайлаштыруу, мектептердин инфраструктурасын жаңылоо болуп отуруп бир нече жылдын ичинде толук ишке ашат.
Концепциянын ишке ашышы тууралуу Билим берүү боюнча эксперт, Педагогика илимдеринин доктору, профессор Уланбек Мамбетакунов жана Бейшен Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын илимий иштер боюнча проректору, педагогика илимдеринин кандидаты Нурмира Абдыбекова суроолорго жооп берди.