Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

"Соңку аракет". ЖМКлар Макрон менен Стармердин Украина боюнча планын ачыктады

Лондон Байдендин президенттик соңку мөөнөтүн майнаптуу пайдаланып калганга аракет кылууда.
Sputnik
БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Франция лидери Эммануэль Макрон менен Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер АКШ башчысы Жозеф Байденден президенттик мөөнөтү бүткүчө РФтин түпкү аймактарына Storm Shadow ракеталарын колдонууга уруксатын алып калууга аракет кылышууда. Бул туурасында РИА Новости Telegraph басылмасына шилтеме кылып жазды.
"Кир Стармер менен Эммануэль Макрон Дональд Трамптын Американын Украинаны колдоосун азайтуу аракетине тоскоол болчу акыркы кадамын даярдап жатат. Британ жана француз лидерлери АКШ президенти Жозеф Байденди Россиянын түпкүрүнө Storm Shadow ракеталары менен чабуул коюуга көндүрүү боюнча мүмкүнчүлүктөрдү талкуулайт", — деп айтылат макалада.
Маалымат булагынын айтымында, Лондон Байдендин президенттик соңку мөөнөтүн майнаптуу пайдаланып калганга аракет кылууда. Уайт-Холл Байден кетер алдында өзүнүн тышкы саясий мурастарынын бөлүгү — салынган тыюуну алып салат деген үмүттө.
"Анткен менен Кирдин планын Трамп АКШнын тышкы саясатына доо кетирип жатат деп карашы ыктымал. Бул аны (Трампты — ред.) алыстатышы жана кызматка келгичекти эле эки тараптын мамилесине кооптуулук жаратышы мүмкүн", — деп айтылат материалда.
Буга чейин Telegraph сөз болуп жаткан ракеталарды америкалык система менен тандемде пайдаланганда гана АКШ британиялык Storm Shadow куралдарын Россияга карата колдонуу үчүн Киевге уруксат бериши мүмкүндүгүн жазган.
Өткөн аптада Стармер Лондондо Владимир Зеленский менен жолуккан. Independent басылмасынын маалыматына караганда, Киев режиминин башчысы Улуу Британиянын премьерин Россиянын түпкү аймактарына чабуул жасоо боюнча позициясын өзгөртүүгө көндүрө алган эмес. Анткен менен өкмөт башчынын кеңсесинин релизине таянсак, алар сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгында кыштын алдында жана анда болуучу кыйынчылыктардан улам Украинаны аздыр-көптүр колдоо зарыл деген пикирге келишкен.
Ак үйдүн башчысынын улуттук коопсуздук маселелер боюнча жардамчысы Жейк Салливан Байден Трамптан Украинага жардамдашууну токтотпоону суранарын айткан. Мындай өтүнүч менен Конгресске да кайрыларын кошумчалаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Майдан жөнүндөгү иликтөөнүн автору Зеленскийди кайгырта турган божомолун айтты