БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Садыр Жапаров Ислам кызматташтык уюмуна кирген өлкө лидерлерин палестиналыктардын жүгүн жеңилдетүүгө болгон күчүн жумшоого чакырды. Өлкө башчы бул тууралуу Эр-Рияд шаарында өтүп жаткан Ислам кызматташтык уюмунун кезексиз саммитинде билдиргенин президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Анда Жапаров бир жыл мурун мүчө мамлекеттер Палестина элине карата болуп жаткан зордук-зомбулуктун токтоосун талап кылганын эске салып, бирок, тилекке каршы, абал өзгөрбөй, согуштук аракеттер Жакынкы Чыгышта кеңейип келгенине токтолгон.
Президент кыргыз эли эбегейсиз жоготууга дуушар болгон палестиналыктар менен ливандыктардын кайгысын тең бөлүшөрүн белгиледи.
Ал БУУнун Коопсуздук кеңешин жана Башкы ассамблеясын эл аралык коомчулуктун атынан зордук-зомбулукту токтотуу жана чыр-чатакты жөнгө салуу үчүн чечкиндүү чараларды көрүүгө чакырды.
"Кыш кирип келе жаткандыгына байланыштуу Израиль өкмөтүнөн Газа тилкесине гуманитардык жардамдарды жеткирүү үчүн чек арадагы өтүүчү жайларды ачып, Газа элине жетүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берүүнү талап кылууга чакыруу керек", — деди Жапаров.