Улуттук онкология борборунун башкы дарыгери иштен алынды. Себеби

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев. Архив
Sputnik
БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Улуттук онкология борборунун башкы дарыгери Бактыгүл Султангазиева кызматынан бошотулганын саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Ал Султангазиева ээлеген кызматынан кайсы берене боюнча бошотулганын тактаган жок.
Глава Национального центра онкологии и гематологии Бактыгуль Султангазиева
Улуттук онкология борборунун башкы дарыгери Бактыгүл Султангазиева
"Мен башкы дарыгерликке үч талапкерди сунуштадым. Өкмөт кимисин тандаса ошол Улуттук борборду жетектейт. Бул адамдардын бардыгы медицина илимдеринин докторлору. Буга чейин президент Садыр Жапаров мени чакырганын, жолугушууга Камчыбек Ташиев, Акылбек Жапаров да катышканын айткам. Мамлекет башчынын тапшырмасы менен аталган борбордо текшерүү жүргүзүлүп, натыйжада мыйзам бузуу аныкталган", — деди Бейшеналиев.
Улуттук онкология жана гематология борборунун брахитерапия бөлүмүнө бейтаптарды нур терапиясы менен дарылоо үчүн эки жаңы брахиаппарат сатып алынды
Улуттук онкология борборуна 1 млн. евролук эки аппарат сатып алынды