Трамп менен Шольц биргелешип Европага "тынчтыкты кайтарууну" макулдашышты

Sputnik
БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Германия канцлери Олаф Шольц менен АКШда президенттик шайлоодо жеңишке жеткен Дональд Трамп телефон аркылуу баарлашып, Европага биргелешип "тынчтыкты кайтарууну" макулдашышты. Бул тууралуу Батыш ЖМКларына таянуу менен РИА Новости жазды.
"Канцлер Олаф Шольц жана АКШнын жаңы президенти Дональд Трамп жекшемби күнү телефондон сүйлөшүп, Европага "тынчтыкты кайтаруу" жаатында чогуу чара көрүүнү макулдашышты", — деген Германия өкмөтүнүн маалымат катчысы Штеффен Хебештрайт.
Эскерте кетсек, Дональд Трамп 5-ноябрда өткөн президенттик шайлоодо жеңишке жетип, XIX кылымдан бери ажолук тактыны эки ирет ээлеген өлкө башчы болуп калды.
Демократиялык партиядан чыккан атаандашы Камала Харрис утулганын мойнуна алса, учурдагы президент Жо Байден Трампка чалып, жеңиши менен куттуктаган.
Инаугурация 20-январга белгиленген.
Трамптын Путин менен телефондон сүйлөшкөнү айтылды