Сауд өнүктүрүү фонду Кыргызстанда мектеп курууга 50 млн. доллар бөлүшү мүмкүн

Президент мамлекеттик ипотекалык компаниянын алкагында турак жай куруунун экинчи фазасы үчүн каржылоо көлөмүн көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну да сунуштаган.
Sputnik
БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Эр-Рияд шаарына (Сауд Арабия Падышачылыгы) болгон иш сапарынын алкагында Сауд өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору Султан Абдурахман Аль-Маршад менен жолугушканын өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Жолугушууда мындан аркы кызматташууну тереңдетүү маселелери, ошондой эле Кыргызстандагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү талкууланган.
"Мамлекет башчысы фонддун ар кыл тармактардагы долбоорлорду каржылоого активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, учурдагы программаларды тездетип аяктоо жана экономика менен социалдык чөйрөдөгү кызматташтыктын жаңы этаптарын баштоо үчүн өз ара аракеттенүүнү күчөтүү зарылдыгын белгиледи. Президент мамлекеттик ипотекалык компаниянын алкагында турак жай куруунун экинчи фазасы үчүн каржылоо көлөмүн көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады", — деп айтылат маалыматта.
Өз кезегинде Султан Абдурахман Аль-Маршад фонд кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экенин билдирип, Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду колдоону улантуу ниетин ырастады. Бул контекстте Сауд өнүктүрүү фонду Кыргызстандагы 38 мамлекеттик мектептин курулушуна 50 миллион доллар өлчөмүндө каражат бөлүүнү карап чыгары белгиленген.
Жолугушуунун аягында президент Садыр Жапаров Султан Абдурахман Аль-Маршадды Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө чакырганы айтылды.
Чүй облусундагы Шамшы суусуна чакан ГЭС курулат. РКӨФ ага каражат бөлөт