Песков: Путин менен Трамп телефондон сүйлөштү деген маалымат жалган

Sputnik
БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Washington Post гезитинин Владимир Путин менен Дональд Трамп телефон аркылуу сүйлөштү деп жазган маалыматы жалган. Бул тууралуу РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдиргенин РИА Новости жазды.
"Мунун баары жалган. Путин менен Трамптын байланышуусу боюнча азырынча пландар жок", — деди Песков.
Буга чейин Washington Post гезити маалымат булактарына таянып, АКШдагы президенттик шайлоодо жеңген Дональд Трамп бейшемби күнү РФ президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн жазган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Трамп Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу үчүн кимди жиберери айтылды