БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Тель-Авивдин Ливандагы пейджерлерди массалык жардырууга катыштыгы бар экенин алгачкы ирет моюндады. Бул тууралуу анын маалымат катчысы Омер Достри билдиргенин РИА Новости жазды.
Өкмөт башчы сентябрда Ливандын "Хезболла" кыймылына каршы чабуул жасоо операциясына өзү уруксат бергенин билдирген.
"Нетаньяху жекшемби күнү Ливандагы пейджердик операцияга уруксат бергенин ырастады", — деген Достри Франс Пресс агенттигине.
Ливандын ар кайсы райондорунда 17-18-сентябрда байланыш жабдуулары, анын ичинде пейджерлер жана рациялар жарылган. Расмий маалыматтар боюнча, 37 адам каза таап, үч миңден ашууну жарадар болгон. "Хезболла" жетекчилиги менен Ливан бийлиги окуяга Израилди айыпташкан.
Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Ливандагы окуяны коркунучтуу террордук акт жана чоң жаңжалды тутантуу аракети катары баалаган.