БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Бишкектеги айдоочулар Түштүк магистралда Жетикашкаева көчөсүнөн Байтик баатыр көчөсүнө чейин автобустар үчүн чийилген тилкеден жүрүүгө болбой турганын ЖКККББ эскертти.
Бул тилке менен автоунаалар жайында кечки саат 21:00дөн эртең мененки 7:00гө чейин, кышында 20:00дөн саат 8:00гө чейин гана жүрө алат. Башка учурда ал жактан коомдук транспорт гана каттайт.
Азырынча мындай чектөө Токомбаев көчөсүндө (Түштүк магистралда гана) иштейт.
Буга чейин автобус үчүн сары тилке Абдрахманов (Совет көчөсү) көчөсүндө да чийилип, бирок жол оңдолгондо алынган. ЖКККББ асфальт чөгүп кетпеш үчүн азырынча бул көчөдө автобус тилкеси болбой турганын кабарлады.
Бишкек мэриясы автобус линиялары үчүн кээ бир көчөлөрдө сары тилке пайда болорун айтса, ЖКККББ аларда чектөө 2025-жылдан тарта киргизилерин кошумчалады.