COP29 конференциясы: таза энергетикага быйылкы инвестиция 2 трлн. долларды түзөт

БУУнун өкүлү абанын орточо температурасынын 1,5 градуска жогорулашын чектөө боюнча аракет текке кетпеши керектигин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Таза энергетикага жана инфраструктурага быйылкы инвестиция 2 триллион долларды түзөт. Бул тууралуу БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын аткаруу катчысы Саймон Стил билдиргенин Sputnik Азербайжан билдирди.
Азербайжандын ордо калаасы Бакуда Климаттын өзгөрүшү боюнча БУУ конференциясынын 29-сессиясынын ачылышы өттү. Эскерте кетсек, иш-чарага Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров да катышат, өлкө башчы 12-ноябрдагы пленардык сессияда сүйлөйт. https://sputnik.kg/20241109/sadyr-zhaparov-saud-arabiya-azerbajzhanga-barat-1090078573.html
Стил адамзаттын абанын орточо температурасынын 1,5 градуска жогорулашын чектөө боюнча аракети текке кетпеши керектигин белгилеген.
"Температура жогорулаган күндө да жетишилген макулдашуулар процессти артка кайтарууга өбөлгө болушу керек. 2024-жылы таза энергетика менен инфраструктурага салынган инвестициянын көлөмү 2 триллион долларга жетет", — деди катчы.
Ал аталган сумма казылуучу отунга кеткен каражаттын көлөмүнөн эки эсе көп экенин белгилеген. Стилдин айтымында, таза энергетикага жана климаттык туруктуулукка өтүү процесси эми токтобойт, аны тездетүү зарыл. Катчы климаттын өзгөрүүсү менен байланышкан кризис эч кимди кыйгап өтпөй турганын кошумчалады. Дал ушул себептен Бакуда каржылана турган башкы максатты аныктап алуу керек.
"Эгер мамлекеттердин үчтөн эки бөлүгү абага ташталган уулуу калдыктарды азайта албаса, анда кесепети оор болот. Эгер туруктуулук жок болсо дүйнөлүк экономика жабыркайт", — деди Стил.
Катчы глобалдуу экономикалык системаны реформалоо зарылдыгын белгилеп, мындай жагдай өлкөлөргө бюджеттик каражатты ийкемдүү колдонууга өбөлгө болорун кошумчалады.
Патриарх Кирилл: климаттын өзгөрүшү жана аскердик чатактар коркунуч туудурат