БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен беш жаштагы бала изделип жатканын ӨКМ билдирди.
Маалыматта Ош шаарынын Жаңы-Маала айылынын тургуну С.И. аттуу беш жашар бала Ак-Буура дарыясынын жээгинде ойноп жатып сууга түшүп кеткенин кабарлаганы айтылат.
"Издөө иштерин жүргүзүп жаткан ИИМ кызматкерлерине төрт куткаруучу жардам берди. Кеч киргенине байланыштуу издөө иштери токтотулган", — деп айтылат билдирүүдө.
Издөө бүгүн да уланары айтылды. Кошумча маалымат берилет.