12-ноябрга карата аба ырайы

12-ноябрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Шейшембиде күндүз Чүй облусунун бир катар аймагында жамгыр жаашы ыктымал. Калган аймактарда күн ачык болот, айрым жерлерде туман түшөт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +5…+10, Талас аймагында +4…+9, Ош, Жалал-Абад облустарында +9…+14 градус болсо, Баткенде +8…+13, Ысык-Көл өрөөнүндө +6…+11, Нарын жергесинде +4…+9 градус жылуу болот.
Ал эми Бишкекте күндүн табы+7…+9, Ош шаарында +12…+14 градуска чейин көтөрүлөт.
Жаан, кар жаайт. ӨКМ шашылыш билдирүү таратты