Тарыхта бир нече каржы кризистери бар. Алардын дүйнөлүк экономикага тийгизген таасирлери да зор. Биз либералдык экономиканы жактаган өлкөлөр кептелген каржы кризистеринен тарта, пландык экономиканын ушул кризистерден алып чыккан фактыларына токтолуп, тарыхты барактадык. Дүйнөлүк экономикада кандай каржы кризистери болгон? Алар кантип жоюлган? Кесепеттери эмнеге алып келген? Улуу депрессия кризиси эмнеден келип чыккан? Азыркы учурда дүйнөлүк экономика мындай абалга туш болуу коркунучунда эмеспи?
Мамлекеттик башкаруу академиясынын жаңы экономика боюнча илим-изилдөө кафедрасынын жетекчиси, экономист Улукман Мамытов жогорудагы соболдордун жообун таап, чечмеледи.