Кыргызстанда Ишкердик кодекси пайда болот — кандай артыкчылык болот, ишкерлер эмнелерди билиши керек?

Sputnik
Ишкердикти укуктук жөнгө салуу көйгөйлөрү бүгүнкү күндө кыргыз коомчулугу үчүн эң актуалдуу болуп саналат. Анткени акыркы бир нече жылда республикада ишкердиктин жана бизнестин жигердүү өнүгүүсү байкалууда. Буга байланыштуу ишкерди коргоо, колдоо максатында Ишкердик кодекси иштелип чыгып, коомдук талкууга коюлду. Анын мазмуну эмнелерди камтыганын Экономика жана коммерция министрлигинин Ишкердик бизнес саясаты башкармалыгын башчысы Жайнагүл Азаматова, Ишкердик бизнес саясаты башкармалыгын ишкердикти өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Нурбек Үмөталиев айтып беришти.