Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Sputnik
Аралыктан добуш берүү үчүн 9 мин 50 адам каттоодон өттү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдирди. Ага ылайык, Кыргызстанда биринчи жолу аралыктан добуш берүү ыкмасы кирип, добуш берүүгө арыздарды кабыл алуу үчүн 27 пункт ачылган. "Негизинен аралыктан добуш берүү мүмкүнчүлүгү 1-ноябрга чейин болчу, биз аны 6-ноябрга чейин узарканбыз. Катталуу жыйынтыкталды. Бүгүнкү күндө аралыктан добуш берүү үчүн 9050 адам каттоодон өттү. Дээрлик көпчүлүгү Бишкек шаарындагы жарандар болду. Алар региондордон келип Бишкекте убактылуу жашаган жарандарыбыз. Көбүнчөсү студенттер, мамлекеттик кызматкерлер", - деп айтылат маалыматта. Белгилей кетсек, быйыл 17-ноябрдагы жергиликтүү кеңештерге мөөнөтүнөн мурда шайлоодо биринчи жолу аралыктан добуш берүү ыкмасы колдонулууда. 17-ноябрда шайлоочу өзүнүн туруктуу каттоосу бар жерде добуш берүүгө катыша албаса, анда 1-ноябрга чейин арыз тапшырып, аралыктан добуш берүү участкасына жазылууга мүмкүнчүлүк берилген.
ЕАЭБ өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргызстанда кумшекер көп өндүрүлүп жатканын Евразия кумшекер ассоциациясы маалымдады. Кабарлангандай, биримдикке кирген өлкөлөрдөгү 74 кумшекер заводунун ичинен 66сы кант кызылчасын кайра иштетүү менен алектенет. Алардын 57си Россияда, төртөө Беларуста, үчөө Казакстанда, дагы экөө Кыргызстанда жайгашкан. "Сезон башталгандан бери ЕАЭБ өлкөлөрүндө 4 миллион тонна кумшекер өндүрүлдү. Өткөн жылдын тиешелүү мезгилинде бул көрсөткүч бир аз төмөн болгон", — деп айтылат ассоциациянын маалыматында. Мамлекеттерге бөлүп карай турган болсок: Россия — 3,706 миллион тонна Беларусь — 296,2 миң тонна Казакстан — 20,8 миң тоннаКыргызстан — 38,3 миң тонна өндүргөн.
Кечээ Бишкек — Ош жолундагы автокырсыктан эки киши каза тапты. Бул туурасында Чүй облустук жол милициясынан билдиришти. Каргаша саат 13:30дар чамасында Суусамырдын тушунда болгон.Милициядан Honda Odyssey үлгүсүндөгү автоунааны айдап бара жаткан киши рулду башкара албай, оор жүк ташыган вольва менен кагышканын айтышты. Мунун кесепетинен минивэнден эки киши көз жуумп, дагы эки адам Жайыл райондук ооруканасына тез жардам менен жеткирилген.
АКШдагы президенттик шайлоодо жеңишке жеткен Дональд Трамп бейшемби күнү Россия лидери Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн Washington Post окуядан кабары бар адамдарга таянуу менен жазды. "Трамп Путин менен бейшемби күнү сүйлөштү. Бул экөөнүн шайлоодон кийинки алгачкы баарлашуусу болду", — деп жазылат маалыматта. Макалада Ак үйдүн болочок ээси Россия президентин Украинадагы абалды курчутпоого чакырганы айтылат. Ошондой эле кырдаалды жөнгө салуу үчүн Путин менен мындан ары да байланышып туруу ниетин билдиргени белгиленген. "Трамп жеке өзү Россиянын бир катар аймактарды ээлеп калары каралган келишимди колдой турганын кыйытты", — деп жазылат кабарда. Анткен менен азырынча гезиттин маалыматы расмий тастыктала элек.